Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:31

Райымбек Матраимов Бажы кызматынын жетекчи орун басарлыгынан бошотулду


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулганын өкмөттүн коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон. Ал өз чечимин "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 47-беренесине негиздеген. Бул берене кызматкерге карата ишеним көрсөтүлбөгөн учурда колдонулат.

Матраимов бул кызматка 2015-жылы августта дайындалган. Анын дарегине карата Жогорку Кеңеште жана коомчулукта бир нече жолу сын-пикирлер айтылып келген. Бирок Матраимов бардык дооматтарды четке каккан.

Буга чейин Казакстан чек арада бажы жана салык төлөмдөрүнө зыян келтирип жаткан аткезчилик агымына каршы көзөмөлдү күчөтүп жатканын, ошондон улам чек ара бекеттеринде унаалар кезек күтүп турганын билдирген. Кыргызстан Казакстандын билдирүүсүнө макул болгон эмес. (BkA)

Чек ара маселеси аткезчилик көйгөйүн көтөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:30 0:00

XS
SM
MD
LG