Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) ноябрь айындагы рейтингинде Кыргызстандын курама командасы мурдагы айга караганда беш тепкичке жогорулап, 115-орунду ээледи. Бул тууралуу федерациянын расмий сайтында жарыяланды. Анда улуттук курама команда 282 упай алып, Бахрейн менен Азербайжандын командаларынын катарында орун алган.
Өткөн айда Кыргызстан бул рейтингде 120-орунду ээлеген эле.
Рейтингде команданын өткөргөн беттештеринин жыйынтыктары эске алынат.
Бул айда кыргыз футболчулары 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын 5-айлампасында Макаого барып ойноп, талаа ээлерин 3:4 эсебинде утуп алды.
ФИФАнын ноябрь айындагы рейтингинде алдыңкы үч орунда Бразилия, Португалия жана Германия турат.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан 80 -орунду, Казакстан 136-орунду жана Тажикстан 127-орунду ээлеген. (BkA)