Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Исаков: Кумтөр туруктуу иштейт


Кумтөр кенине саякат, 14-ноябрь, 2017-жыл.
Кумтөр кенине саякат, 14-ноябрь, 2017-жыл.

Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү менен Кумтөрдүн туруктуу иштешине жол ачылды. Бул тууралуу кийинки жылга бюджеттин долбоорун талкуулаган парламент жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди. Анын айтымында, "Суу кодексине" өзгөртүүлөрдү киргизүү керектүү кадам болчу. Эми Кумтөрдү иштетүүдөн дивиденд түшүп турат.

Ал эми финансы министри Адылбек Касымалиев кийинки жылдын бюджетине Кумтөрдөн 5,7 миллиард сом түшөрүн билдирди.

Өткөн аптада парламент "Суу кодексине" өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырган. Өкмөттүн бул сунушу коомчулукта ача пикир жаратууда. Жарандык активисттер эгер бул мыйзам иштей баштаса Кыргызстандагы мөңгүлөрдү талкалоого жол ачылат деп кооптонууда.

Президент Алмазбек Атамбаев бул мыйзам долбооруна кол кое элек. Ал мыйзам менен таанышып жатканын, чечимди бир нече күндө кабыл аларын 20-ноябрдагы маалымат жыйынында билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG