Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Казак активисти Астанада кыргыз-казак достугу үчүн акцияга чыкты


Сырым Абдрахманов.
Сырым Абдрахманов.

Казакстандын борбору Астана шаарында коррупцияга каршы туруу жана ишкерлердин укугун коргоо боюнча кеңештин мүчөсү, “Отан” партиясынын өкүлү Сырым Абдрахманов кыргыз-казак достугуна арналган акцияга чыкты. Казакстандык активист бул тууралуу өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, видеосун кошо жарыялады.

«Хан Шатыр» соода-көңүл ачуу борборунун алдында өткөн акция “Эгер сен элдердин достугун колдосоң, анда мени кучакта” деп аталат. Ал ушундай жазуу менен Казакстандын жана Кыргызстандын желеги тартылган сүрөттү колуна кармап, жонуна Кыргызстандын туусун тагып алган.

Видеодо активист өз акциясы менен кыргыз жана казак элдери бир тууган экенин, эки элдин биримдиги миң жылдардан бери уланып келатканын, казакстандыктар кыргыздарга жылуу жана достук мамиледе экенин көрсөткүсү келгенин айтат.

Акция өткөн бир-эки саат аралыгында активист менен ондогон жарандар келип кучакташып, Кыргызстан менен Казакстан чек арасын ачышы керек экенин, мамиле мурдагы калыбына келиши зарыл экенин айтып жатышканы видеодон көрүнүп турат.

Буга чейин Бишкек шаарында да кыргызстандык жаран Казакстандын туусун төшүнө байлап алып куду ушундай аталышта акция өткөргөн. Аны да кыргызстандыктар келип кучакташкан.

8-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындаган. 10-октябрдан тартып Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн. (ErN)

Астанада кыргыз-казак достугуна арналган акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:24 0:00

XS
SM
MD
LG