Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Зилалиев Маммүлк фондунун төрагасы болуп дайындалды


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Дүйшөнбек Зилалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон. Бул тууралуу 23-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Сапар Исаковдун башка буйругу менен бүгүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков кызматтан бошотулган. Кызматтан алуунун расмий себеби көрсөтүлгөн эмес.

Вице-премьерлик кызматты ээлеп турган Дүйшөнбек Зилалиев өткөн аптада "башка жумушка которулганына байланыштуу" деген негизде иштен алынган. Зилалиев өзү да "мындан кабары бар экенин, жакын арада башка ишке өтөрүн" айткан эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG