Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Крым татар активисттерин кармоо учурунда ардагер аял көз жумду


Крым татарларынын туусуна арналган флешмоб. Украина, 26-июнь, 2016-жыл.
Крым татарларынын туусуна арналган флешмоб. Украина, 26-июнь, 2016-жыл.

Орусия аннексиялаган Крымдын бир нече айылында 23-ноябрда крым татарларынын бир нече активисти жашаган үйлөрдө тинтүү жүрүп, үчөөнү кармап кетишти. Аларды кармоо учурунда Крым татарларынын улуттук кыймылынын ардагер активисти, 82 жаштагы Вежие Кашка өзүн жаман сезип, ооруканадан көз жумганы кабарланууда.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери бейшембиде кармагандарга "түрк жаранынан 7 миң доллар опузалап өндүрүп алган" деген айып тагылууда.

Жарым аралда крым татарларынын активисттерин камакка алуу көп учурайт. Укук коргоочулар муну Украинанын курамындагы Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышына каршы чыккандарды куугунтуктоо деп баалашат.

XS
SM
MD
LG