Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Күйүүчү май акыркы эки айда 4,4% кымбаттады


Май ташыган унаалар.
Май ташыган унаалар.

Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү агенттиги билдирди. Анын мааалыматына ылайык, күйүүчү майдын баасы Орусияда кымбаттаганына байланыштуу көтөрүлүүдө. Агенттиктин эсебинде, ушу тапта Кыргызстанда жыйырмадан ашуун ишкана күйүүчү май ташып иштейт. "Баалар негизсиз көтөрүлгөнү байкалган жок" деп айтылат маалыматта.

Ал эми Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча июль айынан бери күйүүчү май орто эсеп менен 15% кымбаттады.

Учурда Бишкекте "Аи-92" үлгүсүндөгү бензин 40 сом, "Аи-95" үлгүсүндөгү бензиндин баасы 42,5 сом, "Аи-98" үлгүсүндөгү бензин 1 литри 47,5 сом, ал эми дизелдик күйүүчү майдын литри 38,5 сомдун айланасында сатылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG