Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Инаугурацияга байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө


Жаңы шайланган президенттин кызматына расмий киришүүсүнө арналган салтанат учурунда коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери 23-ноябрдан тартып күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Салтанаттуу аземди өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого эки миңден ашуун милиция кызматкерлери тартылды. Алар 23-ноябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Эрнис Осмонбаевдин маалыматы боюнча, Чүй менен Бишкектин ички иштер бөлүмдөрү коопсуздукту камсыз кылыш үчүн алдын-ала профилактикалык иш-чараларды да жүргүзүштү.

Мурдагы премьер-министр, бийликтеги Социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков 15-октябрдагы президенттик шайлоодо 54% добуш менен утуп чыккан. Ал бүгүн ант берип, кызматына киришет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG