Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:33

Түркмөнстанда мугалимдер менен аскерлер пахта теримге чыгарылды


Түркмөнстандын пахта талаасы.
Түркмөнстандын пахта талаасы.

Түркмөн бийлиги быйыл 1 миллион 50 миң тонна пахта чогултууну пландап жатат. “Азаттыктын” түркмөн кызматына Ахал облусунун мугалимдеринин бири бийлик августтун башынан тартып дем алыш күндөрү мугалимдерди пахта терүүгө мажбурлап жатканын айтты.

"Дем алыштан кийин мектеп директоруна 60 килограмм пахта тергенибиз тууралуу маалымкат тапшырышыбыз керек. Мугалимдердин түйшүгү көп, сабактан кийин дептерлерди текшерип, план түзүп, окууга даярданыш керек, андан тышкары үй жумуштары бар. Анан дем алыш күндөрүн пахта терүү менен өткөрүү өтө оор", - деди атын атагысы келбеген мугалим.

Пахта теримге өзү чыга албаган мугалимдер атайын киши жалдашууда. Жалданма жумушчунун акысы орто эсеп менен 10 манатты (2.85 АКШ доллары) түзөт.

Маалыматтарга караганда, учурда Ахал облусунун пахта талааларында жоокерлерди дагы көрүүгө болот. Алар дагы бир күндө 60 килограмм пахта чогултууга милдеттүү.

XS
SM
MD
LG