Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Жээнбековдун инаугурациясына Роза Отунбаева келген жок


Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи. Бишкек, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи. Бишкек, 2017-жыл.

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине экс-президент Роза Отунбаева келген жок. Инаугурация "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын "Энесай" залында өттү. Ага жалпы 450дөй конок чакырылганы айтылган. Катышкандардын арасында мурдагы президент Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөттүн көптөгөн мүчөлөрү көрүнгөн жок.

Отунбаева салтанатка чакырылганбы-жокпу, белгисиз. Президенттик аппараттан, инаугурацияны уюштуруу комитетинен жана Роза Отунбаеванын өзүнөн бул маалыматты тактоого мүмкүнчүлүк боло элек.

2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге бийликти өткөрүп берген. (NT)

XS
SM
MD
LG