Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Барскоондо баптисттин сөөгүн көмүү боюнча талаш чыкты


Ак-Суудагы мүрзө. Иллюстрация.
Ак-Суудагы мүрзө. Иллюстрация.

Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана диний кызматкерлер ушул айылдын тургуну, маркум Уланбек Калиевдин сөөгүн жерге берүүгө уруксат бербей жатышканын “Азаттыкка” Калиевдин бир тууган жездеси Эсентур Тентиев билдирди:

- Кечээтен бери ошо 20-30дай киши келип, "боз үй тиктирбейбиз, жер бербейбиз" деп жатышат. “Алып кетчү жериңер болсо алып кеткиле, болбосо огородуңарга коюп алгыла” деген сөздөр болду. Айыл өкмөттүн өкүлдөрү, юристи Мурат деген бала, Султан деген молдо да каршылардын башында жүрөт. Бирок өздөрү айтпай, “эл каршы болуп жатат, эл чечет” деп жалпыга шылтап жатышат. "Бирөөнү жерге коюуга уруксат берсек, калгандары да коюп алышат" деп каршы болушту. Арасында туура сүйлөгөндөрү деле бар, бирок катуу айтканы да болуп жатат.

48 жаштагы Уланбек Калиев кечээ, 23-ноябрда каза болгон. Бүгүн анын сөөгү жерге берилмек.

Ал эми Барскоон айыл округунун юристи Мурат Токтогонов ал жерге айыл өкмөт башчы жок болгондуктан өзү барганын, аксакалдар соту, диниятчылар маселени чечиш үчүн чогулушканын билдирди. Ал ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айылдыктар кеңешип, маркумдун сөөгү Тоң районундагы Кажы-Сай айыл округундагы бейитке коюлмак болуп чечилгенин кошумчалады. Жети-Өгүз районунун акими Калысбек Жүдеев болсо бул маселе чыр-чатаксыз жөнгө салынып жатканына ишендирди.

Баптисттердин сөөгүн жерге көмдүрбөй коюу аракеттери буга чейин Жети-Өгүз районунун Ак-Терек, Шапак айылдарында, андан мурдараак Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында да катталган. Бир нече келишпестиктерден улам бийлик өкүлдөрү Тоң районундагы Кажы-Сай айыл аймагында атайын баптисттер үчүн көрүстөн уюштурушкан.

Былтыр Ала-Бука районунда көз жумган Канымгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн айылдаштары “башка динге өтүп кеткен, баптист” деген жүйө менен мусулмандардын мүрзөсүнө койдурган эмес. Жасатты кайра көрдөн казып салып, ал христиандардын көрүстөнүнө коюлган. Бирок ал жердегилер да нааразылык билдирип, чыгарып таштаган. Чуулгандуу ишке бийлик жана күч органдары аралашып, сөөк башка жерге жашырылган болчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG