Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Жалал-Абадда тааныш кызын өлтүргөн шектүү кармалды


Көмүлгөн сөөктү издөө учуру.
Көмүлгөн сөөктү издөө учуру.

Шаардын Загорный көчөсүнүн жашоочусу үйүнө келген 22 жаштагы тааныш кызды муунтуп өлтүрүп, эшик алдындагы короосунун бир бурчуна көөмп салганы аныкталды.

Облустук милициянын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, “Нелегал” аттуу иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары шаардын 18 жаштагы тургуну кармалды.

Маалыматка караганда быйыл октябрь айында кармалган адамдын үйүнө тааныш кызы келип, 8 миң сом акча беришин талап кылган. Болбосо анын үстүнөн милицияга "зордуктады" деп арыз менен кайрыларын айткан. Ызаланган бала кызды ошол жерде муунтуп, короосуна көөмп салган.

Бул окуяга байланыштуу КЖК 97-беренесине ("Киши өлтүрүү") ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG