Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Бишкекте "Тез жардамдын" машинеси жол кырсыгына кабылды


Кырсыктан кийин тартылган сүрөттөр.
Кырсыктан кийин тартылган сүрөттөр.

Бүгүн 24-ноябрда Бишкек шаарынын Чапаев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде Тез жардам кызматынын “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү автоунаасы менен ушул эле үлгүдөгү жеңил автоунаа кагылышкан. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна башкалаанын тез жардам кызматынын директору Искендер Шаяхметов билдирди.

Анын айтымында, жеңил автоунаанын айдоочусу атайын сигнал чакырууга бараткан Тез жардам кызматынын транспортуна жол бербей койгон. Натыйжада экөө сүзүшө кеткен. Окуядан эч ким олуттуу жабыркаган жок.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары, Тез жардам кызматынын атайын машинеси кабылган кырсык тууралуу жазып, сүрөттөрүн жарыялашкан эле. Окуянын болгонун Бишкек шаардык патрулдук милициясы да ырастап, кырсык болгон жерде тергөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Бишкек шаардык Тез жардам бекетинде 35 автоунаа бар. Бул кызматка күнүгө миңге жакын чакыруу түшсө, автоунаанын аздыгынан жана жолдордогу тыгындардын, жол бербегендердин айынан дарыгерлер алардын жарымын гана тейлегенге жетишет. (ErN)

XS
SM
MD
LG