Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Жол кырсыгына катышкан прокурор жардамчысынын соту үчүнчү ирет жылды


Бишкек-Торугарт жолу.
Бишкек-Торугарт жолу.

Бишкектин Биринчи май районунун прокурору Гүлнара Акимбаеванын жардамчысы Данияр Сейталиев катышкан жол кырсыгына байланышкан соттук териштирүү үчүнчү жолу кийинкиге жылды.

Бул тууралуу жол кырсыгында каза тапкан Айсанат Борбашеванын тууганы Сарылбек Борбашев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, жараяндын жылышына прокурордун келбей калганы себеп болгон. Кийинки отурум 4-декабрга белгиленди. Ишти Токмок шаардык соту карап жатат.

Быйыл 17-июлга караган түнү Токмоктон Бишкекти көздөй чыккан жолдо прокурордун жардамчысы башкарган “Тойота-Фораннер” үлгүсүндөгү жолтандабас “Хонда-Стрим” машинесин сүзгөн. "Хонданын" 19 жаштагы жүргүнчү Айсанат Борбашева кырсык болгон жерде каза таап, дагы беш киши жараат алган. Иликтөөдө прокурордун мас абалында болгону, кырсыктан кийин качып кеткени аныкталган. Анын машинесинен 20дан ашык кылмыш ишинин материалдары табылган.

Окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 281-121-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, Данияр Сейталиев эки айга камакка алынган. Кийин ал белгисиз жагдайда боштондукка чыккан. Башкы прокуратура Сейталиев иштен бошотулган деп билдирген. Ал өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагып келет.

Маркум Айсанат Борбашованын артында бир жашар кызы калды. (UEz)

XS
SM
MD
LG