Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Зимбабведе жаңы президент ант берди


Жаңы президент Эммерсон Мнангагва.
Жаңы президент Эммерсон Мнангагва.

Зимбабведе өлкөнү 37 жыл башкарган Роберт Мугабе кызматтан кеткенден кийин жаңы президент ишке киришти. Мугабе ай башында иштен айдаган мурдагы вице-президент Эммерсон Мнангагва 24-ноябрда президент катары ант берди.

Мнангагва 1980-жылы ак түстүү азчылыктын башкаруусу аяктагандан берки Зимбабвенин экинчи президенти болуп калды. Анын ант берүү аземин он миңдеген адамдар көрүштү. Инаугурацияга 93 жаштагы мурдагы президент Роберт Мугабе катышкан жок.

Мнангванын вице-президент кызматынан алынышы Зимбабве армиясынын Мугабени кызматтан кетирүү аракетине түрткү болгон. Импичмент процесси башталгандан кийин Мугабе 21-ноябрда иштен кетүү жөнүндө арыз жазган.

XS
SM
MD
LG