Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Жаранды сабаган үч милиционер камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

24-ноябрда Бишкек шаардык соту Башкы прокуратуранын кассациялык арызын канааттандырып, Аламүдүн районунда иштеген үч участкалык инспектордун баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиционерлер жергиликтүү тургундун арызынын негизинде быйыл 7-сентябрда "Таш-Дөбө" милиция бөлүмүнө кылмышка шектүү Н.Э. аттуу жаранды алып келишкен. Бирок арыз 8-сентябрда катталган. Кармалган жаран кыйноого алынганы соттук-медициналык экспертизанын тыянагында көрсөтүлгөн. Анын мээси чайкалып, мурду сынган жана денесине ар түрдүү залал келген.

Факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин 305-беренеси ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") боюнча үч участкалык инспекторго кылмыш ишин козгогон. Тергөөдөн кийин аларга күнөөсүз жаранды мыйзамсыз кармаганы тууралуу айып коюлуп, аларды камакка алуу боюнча сотко өтүнүч жиберилген.

Биринчи Май райондук соту 11-ноябрда шектүү милиция кызматкерлерин үй камагына чыгарган болчу. Бирок кайра аларды камакка алуу боюнча Башкы прокуратура жогорку инстанцияга кассациялык арыз жөнөткөн. Бүгүн Бишкек шаардык соту ал арызды канаттандырып, милиционерлер Т.Э., Т.Э. жана М.С. камакка алынды.

Кылмыш иши боюнча УКМК иликтөө иштерин улантууда.

Кыргызстанда милиционерлер кылмышка шектүүлөрдү кыйноого аларын жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар айтып жүрүшөт. Расмий маалымат боюнча 2016-жылы 120 милиция кызматкерине каршы 48 кылмыш иши козголгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG