Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Жээнбеков өз аппаратынын жакынкы иш планын бекитти


Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын жетекчилиги менен кеңешме өткөрүүдө.
Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын жетекчилиги менен кеңешме өткөрүүдө.

Бүгүн, 24-ноябрда Президент Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын жетекчилиги менен алгачкы кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Кеңешмеде Сооронбай Жээнбеков аппараттын алдында ишке тез ашырылчу жакынкы иш планын жана биринчи кезектеги максаттарды белгиледи. Ал дароо өлкөнүн бардык жашоо тармактарында түп-тамырынан реформа жүргүзүүнүн жаңы баскычына кепилик берген чараларды иштеп чыгууга тапшырма берди.

Жээнбеков ошондой эле Улуттук кеңештин буга чейинки жыйынында каралган 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын тез арада иштеп чыгып, бүтүрүш керек экенин эскертти.

Мындан тышкары, Жээнбеков жакын арада Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрүүнү буюруп, анда коррупция менен күрөшүү маселелери караларын кошумчалаган.

Жээнбеков 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо КСДП тарабынан көрсөтүлүп, 54,22 пайыз менен жеңип чыккан. Ал бүгүн ант берип, президенттик кызматка расмий түрдө киришти. (ErN)

XS
SM
MD
LG