Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Чех соту орус хакерин АКШга экстрадицияламак болду


Прагадагы соттун имараты.
Прагадагы соттун имараты.

Праганын Жогорку Соту орус хакери Евгений Никулинди АКШга экстрадициялоо тууралуу төмөнкү соттук инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Кошмо Штаттар Никулинди "LinkedIn" жана "Dropbox" сыяктуу ири интернет-компаниялардын компьютерлерин бузуп кирип, маалыматтарды уурдаган деп айыптап жатат.

Орусия АКШнын орус жарандарын үчүнчү өлкөдөн өткөрүп алуу аракетин буга чейин далай жолу сынга алган. Бирок Никулинге өз аймагында Интернет уурулугу боюнча өзүнчө айып таккан.

Никулин алгач эки өлкөгө тең экстрадициялоого каршы сотко кайрылган. Бирок кийинчерээк Орусия боюнча арызын кайтарып алган.

Чех бийлиги аны 2016-жылдын октябрь айында АКШнын Интерпол аркылуу жөнөткөн өтүнүчүнүн негизинде кармаган.

XS
SM
MD
LG