Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:56

“Чыгыш өнөктөштүгү” бирдиктүү декларация кабыл алды


Брюсселдеги Европа Кеңешиндеги жыйын. 24.11.2017.
Брюсселдеги Европа Кеңешиндеги жыйын. 24.11.2017.

Европа Биримдигинин жана мурдагы алты советтик мамлекеттин лидерлери Брюсселдеги “Чыгыш өнөктөштүгүнүн” саммитинде биргелешкен декларациянын мазмунун макулдашты.

Европа кеңешинин сайтына жарыяланган декларацияда региондогу жаңжалдардын аты так аталган эмес. Бирок чөлкөмдөгү эл аралык нормаларды бузуу көрүнүштөрү боюнча саммиттин катышуучуларынын тынчсыздануулары белгиленген. Эки жыл мурдагы саммитте бирдиктүү декларациянын тексти боюнча катышуучулар арасында пикир келишпестик чыккан эле.

24-ноябрда жыйынга Украина, Молдова, Грузия, Армения, Азербайжан, Беларустун жетекчилери катышууда. Бул жолку жыйында Евробиримдик менен мурдагы советтик өлкөлөрдүн ортосундагы чек арада туруктуулук менен демократияны бекемдөө жана экономикалык интеграция маселеси талкууланат деп кабарланган.

“Евробиримдик менен анын чыгыштагы коңшуларынын алакасы биз үчүн абдан маанилүү. Ошол эле учурда чыгыш тараптын элинин жашоосу, демократиялык өнүгүүлөр кандай экенине да кызыгабыз”, - деди немис канцлери Ангела Меркел саммиттин алдында.

Евробиримдиктин "Чыгыш өнөктөштүгү" долбоору 2009-жылы башталган.

XS
SM
MD
LG