Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Орусия Сочи Олимпиадасындагы биринчи ордунан ажырады


Бобслейчи Александр Зубков орус президенти Владимир Путин менен, февраль, 2014-жыл.
Бобслейчи Александр Зубков орус президенти Владимир Путин менен, февраль, 2014-жыл.

Эл аралык Олимпиада комитети орусиялык бобслейчи Александр Зубковду 2014-жылы Сочи шаарында өткөн кышкы Олимпиадада уткан эки алтын медалынан ажыратты. Комитет 24-ноябрда жарыялаган бул чечимин спортчунун допинг-тесттен өтпөй калганы менен түшүндүрдү. Натыйжада Орусия Сочи Олимпиадасындагы медалдардын саны жана салмагы боюнча биринчилик ордун жоготуп, Норвегия менен Канададан кийинки үчүнчү орунга түштү.

Бобслейчилер Александр Зубков жана Ольга Стульнева кызытма колдонуу боюнча күнөөлүү деп табылып, аларга өмүрүнүн акырына чейин Олимп оюндарына катышууга тыюу салынган. Андан мурдараак Эл аралык Олимпиада комитети кызытма маселесинен улам төрт орус скелетонисттин да медалдарын жокко чыгарган.

Буга чейин Орусиянын жетекчилигине "кызытма колдонуунун масштабдуу системасын иштеп чыккан" деген доомат коюлган. Расмий Москва бул дооматтарды моюнга албай келет.

Өткөн аптада Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттик Орусиянын кызытмага каршы мекемесинин лицензиясын кайтарып берүүдөн баш тартты. Москва болсо мындай чечим орусиялык спортчулардын февралда Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган кышкы оюндарга катышуусуна тоскоолдук кылбайт деп билдирген.

XS
SM
MD
LG