Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Лугансктагы жикчил лидер кызматынан кетти


Игорь Плотницкий
Игорь Плотницкий

Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Луганск элдик республикасы" деп атап алган аймактын башчысы Игорь Плотницкий кызматтан кетти. Соңку күндөрү бул аймакта орусиячыл жикчилдердин арасында бийлик үчүн күрөш күчөгөнү кабарланган.

Лугансктагы жикчилдердин интернет сайты 24-ноябрда Плотницкий саламаттыгына байланыштуу иштен кеткенин, анын ордуна аймактын коопсуздук министри делген Леонид Пасечник "жаңы шайлоолорго чейин" лидердин кызматын аркалап тураарын жазды.

Аны улай Леонид Плотницкий жикчилдердин Минск сүйлөшүүсүндөгү өкүлү болуп дайындалганы белгилүү болду.

21-ноябрда Луганск шаарынын борборун куралдуу кишилер ээлеп алышкан болчу.

Өздөрүн “республика” атап алган, Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустары 2014-жылдан бери расмий Киев менен тирешип келе жатат. Украин өкмөттүк күчтөрү менен жикчилдердин Донбасстагы бул согушунан 10 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG