Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:25

Египетте жүздөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген жардыруудан кийин өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Мамлекет башчы Абдел Фаттах ал-Сиси чабуулдан кийин чукул коопсуздук жыйынын өткөрүп, ушундай чечим кабыл алынган.

-Биз бул террордук чабуулга жана террорчуларга катаал жооп кайтарабыз, - деди Сиси.

24-ноябрда Египеттин түндүгүндөгү Синай аймагында мечитке кол салуудан набыт болгондордун саны кеминде 235 адамга жетти. Жүздөн ашуун адам жараат алган. Расмиий маалыматта окуя жергиликтүү провинциянын борбору Эл-Ариш шаарынан 40 чакырым алыстыктагы Бир ал-Абд шаарчасында болгону айтылат.

“Ассошиейтед пресс” маалымат агенттигинин кабарына караганда, бомба жана мылтыктар менен куралданган адамдар төрт унаа менен мечитке келишкен. Алар бомба жардырып, андан соң мечиттеги жума намазга чогулгандарга ок атышкан. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.

Чабуулдан кийин Египет Аба күчтөрү аймакка асмандан сокку урганы да кабарланууда.

АКШ президенти Дональд Трамп мечиттеги чабуулду "үрөй учурган жана коркоктордун чабуулу" деп сыпаттады. Ал Твиттердеги баракчасына дүйнө элинин терроризмге карата чыдамы түгөнүп баратканын, экстремисттерди жок кылуу керектигин жазды.

Негизинен Египеттеги радикал уюмдар Синай жарым аралында топтолгон. Өкмөт алар менен далай жылдан бери күрөшүп келатат.

Өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топ жарым аралды басып алууга аракет кылып жүрөт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG