Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Жээнбеков Туруктуу өнүгүү стратегиясын жазга чейин бүтүрүүнү эскертти


Сооронбай Жээнбеков өткөргөн алгачкы кеңешме.
Сооронбай Жээнбеков өткөргөн алгачкы кеңешме.

Кыргызстанда жаңы кызматка киришкен президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү 2018-2040-жылдар аралыгында өнүктүрүү стратегиясын жазга чейин иштеп чыгып, бүтүрүү керектигин эскертти. Бул тууралуу 24-ноябрда инаугурациядан соң Президенттик аппаратта өткөргөн биринчи кеңешмеде билдирип, стратегия боюнча пландар 2018-жылдын 15-февралына чейин иштелип чыгышы керектигин белгиледи.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков коррупция менен күрөштүн негизги багыттарын аныктоо боюна Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрүүгө тапшырма берди.

Өлкөнү 2040-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясы тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев быйыл жыл башында айткан.

Сооронбай Жээнбенков мамлекет башчылыкка 24-ноябрда расмий киришти. (SE)

XS
SM
MD
LG