Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Президенттин төш белгисине байланыштуу сүрөткө расмий түшүндүрмө берилди


Талкууга түшкөн сүрөт.
Талкууга түшкөн сүрөт.

Президенттик аппараттын Протокол секторунун жетекчиси Мар Топоев мамлекет башчынын төш белгисине байланыштуу талкууланып жаткан сүрөткө түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, сүрөт президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына даярдык учурунда тартылган. Топоев ант берүү аземинин алдындагы даярдыктын видеосун да өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жүктөдү.

Протокол кызматкеринин мойнундагы төш белги дубликат болгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрда Бишкектеги Ала-Арча резиденциясында ант берген. Аземден соң Президенттик аппараттын Протокол секторунун жетекчиси Мар Топоев мамлекет башчыга тагыла турган төш белгини мойнуна илип, кимдир бирөөнү туурап жаткандай сүрөтү интернетке чыккан. Бул фото социалдык тармакта талкууга түшүп, президентти мазактоо катары сыпатталып жаткан эле. (SE)

Редакциядан: Тасма Протокол секторунун жетекчиси Мар Топоевдин Фейсбуктагы баракчасынан алынды. Бул видеодо салтанаттуу аземге даярдык тартылган.

XS
SM
MD
LG