Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:32

26-ноябрдан тартып аба ырайы өзгөрөт


Кыргызстанда 26-ноябрдан тарта аба ырайы өзгөрөт. Түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Эртең менен жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө жаан-чачын болот. Чүй жана Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде кечке жуук жамгыр карга айланат. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдорго муз тоңот, тоолуу аймактарда кар күрткүсү болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз +5...+10,

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...+4, күндүз +7...+12,

Нарын дубанында түнкүсүн -9...-14, күндүз +1...+6,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +4...+9 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз жамгыр жаап, кечке жакын карга айланышы мүмкүн. Түнкүсүн 0...-2, күндүз +8...+10 градус.

XS
SM
MD
LG