Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Египеттеги чабуул курмандыктарынын саны 300дөн ашты


Чабуулдан кийинки көрүнүш.
Чабуулдан кийинки көрүнүш.

Египеттеги чабуулдун курмандыктарынын саны соңку маалыматтарга ылайык 305 адамга жетти. Жүздөн ашууну жараат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги мамлекеттик каналдарга таянып билдирди. Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

24-ноябрда Египеттин Синай аймагындагы Бир ал-Абд шаарчасында мечитке кол салуу болгон. Бомба жана мылтыктар менен куралданган 30дай адам төрт унаада мечитке келишкен. Алар бомба жардырып, жума намазга чогулгандарга ок атышкан. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.

Египет прокуратурасы кол салгандарда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун желеги болгонун билдирди. Бийликтин маалыматына ылайык, чабуул койгондордун саны отузга жакын.

Египет армиясы эки жүздөн ашуун адамдын өмүрүн кыйган чабуулдан соң Синай жарым аралында атайын операция жүргүздү. Рейд учурунда Эр-Рисан кыштагында 30дан көп согушкер жок кылынганын Sky News Arabia агенттиги расмий маалыматтарга таянып билдирди. Мурдараак жоочулардын турумдарына, автоунааларына абадан сокку урулган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG