Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Өзбекстандагы мейманканаларга Куран жана жайнамаз коюлат


Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик комитети чыгарган жаңы эрежеге ылайык, эми ар бир мейманканада Куран китеби жана жайнамаз болушу шарт. Андан тышкары кыбыланы көрсөтүп турган белги да түшүрүлөт. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына комитет өкүлдөрүнүн бири кабарлады. Мындай тартип 2018-жылдын 1-январынан тартып ишке кирет.

Маалыматка караганда, жаңы эреже Өзбекстанга келген коноктордун диний салттарды аткарышына ыңгайлуу шарт түзүү максатында кабыл алынды. Ошондой эле конок үйлөрдө башка дин өкүлдөрү ыйык туткан китептер да сакталат. Диний адабияттар жана ибадат кылуучу буюмдар отель кызматкеринин уруксаты менен берилет.

Буга чейин Ташкенттеги эл аралык аэропортто намазкана ачылган эле.

Өзбекстандын Конституциясында дин тутуу эркиндиги кепилдикке алынган. Бирок коопсуздуктан улам дин жолундагылар такай көзөмөлгө алынып келет.

XS
SM
MD
LG