Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:59

Ооганстанда ИМ тобунун өзбекстандык колбашчысы кармалды


Ооган күч органдарынын кызматкерлери
Ооган күч органдарынын кызматкерлери

Ооганстандын Жүзжан облусундагы Шибирган шаарында өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган экстремисттик топтун кол башчысы кармалды. "Азаттыктын" ооган кызматы аталган облустун бийлигине таянып билдиргендей, колго түшкөн адам өзбекстандык Шерзод Анваров экени айтылууда. Ал ооган жергесинде Өзбекстандан барган 36 жоочуну башкарганы аныкталган.

Жүзжан облустук акимчилигинин өкүлү Мухаммед Риза Гаффаринин белгилешинче, Шерзод Анваровду өкмөт күчтөрү кармаган. Иликтөө материалдарына ылайык, ал жакын арада Борбор Азиядагы мамлекеттердин бирине кетүүгө камынып жаткан. Бирок кайсыл өлкөгө экени анык эмес.

Жүзжан облусу согушкерлер активдешкен аймактардын бири.

"Ислам мамлекети" террордук уюмуна Борбор Азия мамлекеттеринен барган жүздөгөн адамдар кошулуп кеткени айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG