Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

27-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


27-ноябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жамгыр аралаш кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...+5,

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...+4,

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3...+2, күндүз +4...+9,

Нарын дубанында түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...+3,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз +1...+6 градус болот.

Бишкек шаарында жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн. Түнкүсүн 0...-2, күндүз +3...+5 градус.

XS
SM
MD
LG