Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Ирандын Революциялык сакчылары Европага эскертүү берди


Революциялык сакчылар корпусунун башчысынын орун басары, генерал Хоссейн Салами
Революциялык сакчылар корпусунун башчысынын орун басары, генерал Хоссейн Салами

Ирандын таасирдүү Революциялык сакчылар корпусу Европа Биримдигин Тегерандын өзөктүк программасын өнүктүрүүгө кийлигишпөөгө чакырды.

Революциялык сакчылар корпусунун башчысынын орун басары Хоссейн Салами Кошмо Штаттар Евробиримдикти Иранга каршы экономикалык санкцияларды киргизүүгө түртүп жатат деп эскертти.

Ирандын мамлекеттик ИСНА агенттиги Саламинин айтканына таянып, Евробиримдик Ирандын өзөктүк программасына кийлигише берсе, “биз дагы европалыктарды коркунуч катары карап, тиешелүү чараларды көрөбүз” жарыялады.

Салами Ирандын ракеталык арсеналынын диапазону өсүп жатканын, 2000 чакырымга учкан ракеталар эми Европага чейин жеткидей кубатка ээ болорун белгилейт.

Тегеран өзөктүк программасы коргонуу максатын көздөйт деп, 2015-жылы Венада жетишилген келишимге каршы келбей турганын айтып келет.

Революциялык сакчылар корпусу Иранда өтө таасирдүү болгону менен өлкөнүн тышкы саясатын аныктай албайт. Корпустун жетекчилеринин билдирүүлөрү расмий Тегерандын көз карашы деп кабылданбайт.

Президент Хасан Роухани Революциялык сакчылар корпусунун тышкы саясат боюнча билдирүүлөрүн сындаган учурлары арбын.

XS
SM
MD
LG