Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:25

Ооганстан: «ИМ» террор тобунун өзбек колбашчысы кармалды


Ооган коопсуздук күчтөрү Мазари-Шарифтен Шибирганга бет алууда. 18.2.2016.
Ооган коопсуздук күчтөрү Мазари-Шарифтен Шибирганга бет алууда. 18.2.2016.

Ооганстандын Шибирган шаарында коопсуздук күчтөрү «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун таасирдүү талаа колбашчысы, өзбекстандык жоочу Шерзод Анваровду колго түшүргөнү кабарланды.

«Азаттык» үналгысынын өзбек кызматынын маалыматына караганда, Анваров 36 жоочудан турган топту жетектеген. Кармалган жоочу Өзбекстандын Бухара облусунан кеткени тууралуу маалымат бар.

Жузжан вилайетинин бийлик өкүлү Ризо Гаффари өзбек жоочусу Анваров Шибирган шаарында кармалганын «Азаттыктын» ооган кызматына бышыктады.

- Шерзод Анваров "Ислам мамлекетти" террор тобунун Жузжан вилайетиндеги лидерлеринин бири болгон. Аны өкмөттүк күчтөр Шибирган шаарынын борборунда колго түшүрүштү. Тергөөдө ал өзүнүн "Ислам мамлекетинин» Жузжандагы талаа колбашчыларынын бири экенин мойнуна алган. Шерзод Анваров Борбор Азия мамлекеттеринин бирине чыгып кетүүнү пландаган. Бирок кайсы өлкөгө барууну көздөгөнү азырынча аныктала элек, - деди Ризо Гаффари.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча Жузжан вилайетинде «Ислам мамлекети» террористтик уюмунун жоочуларынын Ооганстандан жана Өзбекстандан чыккан бир нече колбашчылары бар.

Ушул тапта бул аймакта талиптер менен катар эле «Ислам мамлекети» террор тобунун жоочулары Кабулдагы өкмөткө каршы тирешип жатканы маалым.

XS
SM
MD
LG