Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:13

Орусиялык жеңил атлеттер мелдештерден четтетилди


Орус спортундагы кызытма чыры. Коллаж.
Орус спортундагы кызытма чыры. Коллаж.

Жеңил атлетика боюнча эл аралык ассоциация (IAAF - The International Association of Athletics Foundations) Орусиянын жеңил атлетика федерациясын кызытмага каршы киргизилген эрежелерди бузганы үчүн мелдештерден четтети. Мындай чечимин эл аралык ассоциация Монакодо өткөн эки күндүк жыйынында жарыялады.

Эми орусиялык атлеттер эл аралык мелдештерге Орусиянын желеги менен чыга алышпайт. Алар спорттук иш-чараларга нейтралдуу макам менен гана катышса болот.

Орусиянын жеңил атлетика федерациясы эл аралык ассоциациядагы мүчөлүгүнөн 2015-жылы кызытмага каршы эрежелерди бузганы үчүн чыгарылган.

Эл аралык уюмдун билдирүүсүндө Орусиянын федерациясы мүчөлүгүн калыбына келтириш үчүн бардык шарттарды аткарбай койгону белгиленет.

«Жол картасында көрсөтүлгөн беш шарттын ушул тапта бирөө толук, экөө (тестирлөө жана машыктыруучуларды убактылуу чететтүү маселесин чечүү) жарым-жартылай аткарылган, ал эми дагы эки шарт (Ричард Макларендин баяндамасынын корутундусун таануу жана РУСАДАны калыбына келтирүү) аткарылган эмес», - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле жогорудагы шарттар толук аткарылганда гана Орусиянын федерациясынын мүчөлүгү калыбына келтириле тургандыгы баса белгиленет.

Орусиянын жеңил атлетика федерациясы болсо эл аралык ассоциациянын чечимине капа болуп турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG