Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

Күйүүчү май менен көмүрдүн баасы көзөмөлгө алынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Сапар Исаков Монополияга каршы агенттиктин тогуз айлык ишинин жыйынтыгы боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, күйүүчү май менен көмүрдүн баасын негизсиз жогорулатууга бөгөт коюуга тапшырмасын берди.

Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, өкмөт башчы бул багытта ички рынокту тыкыр талдоону, көмүр саткандардын арасында жана негизги социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына карата бааны бир деңгээлде кармап туруу маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жандандыруу зарыл экенин белгиледи. Бул багытта күн сайын байкоо жүргүзүү боюнча тапшырма берилди.

Өткөн аптада Монополияга каршы агенттик күйүүчү май, көмүр жана газ кымбаттаганын жарыялаган. Сырттан ташылып келген көмүр баасы бир жумада 13 пайызга көтөрүлгөн. Күйүүчү май акыркы эки айда 4,4% кымбаттаган.

Октябрдын соңунда кыргыз-казак чек арасындагы кризистен улам Кыргызстанда көмүр кымбаттап, кийин кайра бир аз арзандаган.

Бишкекте көмүрдүн баасы тоннасына 4 миң сомдон ашты. Мунун себебин сатуучулар Казакстандан көмүр келбей калганына байланыштырууда.

XS
SM
MD
LG