Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:03

Кыргызстанда бензиндин баасы 40 сомдон ашты


27-ноябрга карата күйүүчү майдын баасы.
27-ноябрга карата күйүүчү майдын баасы.

Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттады. 27-ноябрга карата Бишкектеги "Газпром" май куюучу бекеттеринде АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 40 сом 60 тыйындан сатылууда. Ал эми АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 43 сом 50 тыйын деп белгиленди.

Кыргызстандын Мунай ташуучулар бирлигинин төрагасы Улан Куловдун “Азаттыкка” билдиришинче, негизинен дизелдин кымбаттаганы байкалууда, себеби Кыргызстанга ноябрь айынан баштап дизел кошумча бажы төлөмү менен кирип жатат.

- Кыргызстанга жыл сайын 490 миң тонна дизелдик отунду бажы төлөмү жок алып кирүүгө лимит берилген. Биз бул лимитти ноябрда эле коротуп койдук. Ошондуктан азыр дизел тоннасына 28,80 доллар кошумча төлөм менен кирип жатат.

Улан Кулов бензиндин кымбатташын Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда баа көтөрүлгөнү менен түшүндүрдү. Декабрда баа кандай болорун алдын-ала айта албай турганын кошумчалады. Учурда өлкөдө дизелдин литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда.

25-ноябрда премьер-министр Сапар Исаков күйүүчү майдын наркы негизсиз жогорулап жатканын айтып, Монополияны жөнгө салуу агенттигине баанын кымбатташына бөгөт коюуну тапшырган. (SDz)

XS
SM
MD
LG