Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Түркияда Айтматов боюнча илимий жыйын өтүп жатат


Ысык-Көлдөгү Чыңгыз Айтматовдун эстелиги. 4-август, 2017-жыл.
Ысык-Көлдөгү Чыңгыз Айтматовдун эстелиги. 4-август, 2017-жыл.

27-ноябрда Түркиянын Бурса шаарында атактуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун адабиятын изилдеген окумуштуулар чогулду. "Түрк ожаклары" фонду жана Улудаг университети уюштурган жыйынга Кыргызстандан, Азербайжандан жана Түркиядан Айтматов таануучулар, студенттер келишти. Анда залкар жазуучунун түрк дүйнөсүнүн адабиятына кошкон салымы жана чыгармалары талкууланат.
Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" повестинин негизинде 1977-жылы түрк кинорежиссеру Атыф Йылмаздын фильми аркылуу түрк көрүүчүлөрү кыргыз жазуучусунун чыгармачылыгы менен таанышкан.
Айтматовдун түрк тилине которулган романдары Түркиянын Билим берүү министрлигинин окуу планына киргизилип, мектептерде адабият сабагында окутулат.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары 170 тилге которулуп, жалпы басылган тиражы 60 миллион нускадан ашат. (ElB)

XS
SM
MD
LG