Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Пакистандагы акция: юстиция министри кызматтан кетти


Захид Хамид.
Захид Хамид.

Пакистанда исламчыл активисттер бир жумадан бери уланып келаткан нааразылык акциясын аякташканын билдиришти. "Техрик-и-Лабайк Ай Расул Алла" тобунун маалымат катчысы Эйяз Ашрафи бийлик алардын негизги талабын аткарууга макул болгонун 27-ноябрда "Рейтердин" кабарчысына айтты. Маалыматка караганда өкмөт юстиция министри Захид Хамидди кызматтан кетирүүгө көндү.

Нааразылык акциясы акыркы күндөрдө зомбулук менен коштолуп, Исламабаддын кире беришиндеги кагылышууларда 6 киши каза болду, 200гө жакыны жараланды. Исламчылар сөз болуп жаткан министр шайлоо мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн демилгечиси деп эсептешет. Ал жободо Мухаммед пайгамбардын аты аталбай калган. Хамид кечирим сурап, мыйзамды басып чыгарганда ката кетирилгенин айтып актанган.

Мамлекеттик PTV телеканалы министр кызматтан кетүү жөнүндө арызын тапшырганын маалымдады. Бирок өкмөттүн расмий билдирүүсү чыга элек. Борбор шаардагы тополоңдон улам Ички иштер министрлиги өткөн аптада “мыйзамды жана тартипти көзөмөлдөш үчүн” аскерлерди жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG