Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Алты жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан 98 аял каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда алты жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан 98 аял каза тапты. Алардын өлүмүнө жакын адамдары - күйөөсү, баласы же туугандары себеп болгон. Бул тууралуу "Сезим" кризистик борборунун маалыматында айтылат.

Аталган борбор жана башка укук коргоочулар бүгүн Бишкекте, Бириккен Улуттар Уюмунун үйүндө өлкөдөгү кыз-келиндердин абалын талкуулашты. Анда өлкөдө 15-49 жашка чейинки аялдардын 23 пайызы өмүрүндө жок дегенде бир жолу физикалык зомбулукка кабылары белгилүү болду.

Кыз-келиндерге зомбулук көрсөтүүгө каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында уюштурулган жыйынга премьер-министр Сапар Исаков да катышып, мекемелерге, өзгөчө Ички иштер министрлигине бул маселенин үстүндө иштөөгө тапшырма берди.

25-ноябрь - Аялдарга каршы зордук-зомбулукту жоюш үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү.

Кыз-келиндердин укуктарын коргоого арналган өнөктүк 25-ноябрда башталган, ал 10-декабрга чейин уланат. Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн бардык аймактарында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту, кыз алуу качууну токтотууга арналган талкуулар, флешмобдор, семинарлар өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG