Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

Кремль: Рамзан Кадыров кызматында калат


Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров.
Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров.

Кремль Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров кызматында кала берээрин билдирди. Жекшембиде Кадыров "Россия 1" телеканалындагы маегинде кызматтан кетүүгө убакыт келгенин, Кремль анын ордуна келчү кишини тандоого тийиш экенин айткан.

Бирок президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кадыров мамлекет башчыга көзү түз бойдон кала бергенин жана кайсы кызматка жөнөтүлсө да аны аркалоого даяр экенин айтты. “Ал Чеченстан жумуриятынын лидери бойдон кала берүүдө”, - деп кошумчалады Песков.

Путин Кадыровду Чеченстандын регионалдык администрациясын жетектөөгө 2007-жылы дайындаган. Жумурият парламенти аны 2011-жылдын мартында бекитип, 2016-жылдын күзүндө ал 5 жылдык дагы бир мөөнөткө шайланган.

XS
SM
MD
LG