Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:20

ЖК комитети авиабилеттердин баасы тууралуу маалымат угат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн парламенттин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети республиканын ички маршруттары боюнча жүргүзүлүп жаткан авиакаттамдардын билеттеринин тарифтери тууралуу маселени талкуулайт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шухрат Сабиров жана Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев маалымат берет.

22-ноябрда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев Ош-Бишкек, Бишкек-Ош авиакаттамдарындагы билет баасынын кымбаттыгын сынга алып, аны тез арада арзандатыш керек экенин айткан. Ал кыш келгенде жол тайгак болуп, жүргүнчүлөр көбүнчө учак менен каттоого аргасыз экенин белгилеген.

Мындан бир нече жыл мурда Бишкектен Ошко учуу миң сомго чейин түшкөн. Ушул күндөрү билеттер 2500 сомдон 5 миң сомго чейин сатылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG