Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Орусиялык дагы беш спортчу мелдештерден четтетилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык олимпиадалык комитет беш орусиялык спортчуну мелдештерден өмүр бою четтетти. Скелетончу Сергей Чудинов, бобслейчилер Алексей Негодайло менен Дмитрий Труненков, андан тышкары биатлончулар Яна Романова менен Ольга Вилухина кызытма колдонуу боюнча айыптуу деп табылды.

Алардын Сочи Олимпиадасындагы ийгиликтери жокко чыгарылды. Ошентип Орусия 2014-жылдагы оюндардын эсебинен дагы эки алтын, үч күмүш медалынан айрылды.

Буга чейин антидопинг эрежелерин бузганы үчүн Орусиянын 10дон ашуун спортчусу дисквалификацияланган. Натыйжада орус курама командасы оюндардын расмий эмес эсебинде биринчиликтен кол жууган. Ричард Макларендин көз каранды эмес комиссиясынын эки жыл мурун жарыялаган иликтөөсүнө ылайык, Орусияда миңден ашуун спорчу допинг колдонгон. Тыюу салынган препараттарды пайдаланууну мамлекет кубаттап турган.

Он жети өлкөнүн допингге каршы агенттиктери Орусияны 2018-жылдагы Олимпиада оюндарынан четтетүүнү талап кылышууда. Бул маселе боюнча акыркы чечим декабрдын башында кабыл алынары болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG