Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

Кыргыз-казак чек арасында 700дөй машина тыгында турат


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында ушу тапта жалпысынан 700гө жакын автоунаа Казакстан тарапка өтүү үчүн кезекте турат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Чек ара кызматынын маалымат катчысы Салкын Абдыкариева билдирди.

Анын айтымында, “Ак Тилекте” 490, ал эми “Чоң Капкада” 172 оор жүк ташуучу автотранспорттун тыгыны бар. Кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок.

8-октябрда Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындаган. 10-октябрдан тартып Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG