Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Айтман: Чубак ажы Конституцияга каршы чакырык таштады


Данияр Айтман.
Данияр Айтман.

«Башкы прокуратура Чубак Жалиловго карата териштирүү жүргүзүп, зарыл болсо кылмыш ишин козгошу зарыл!», - деп жазды бүгүн өзүнүн "Facebook" баракчасына белгилүү блогер Данияр Айтман.

Жарандык активисттин пикиринде, «Чубак Жалилов кылмыш жасаганын моюнуна алды»:

«Ал экинчи аял алганын жарыялады. Көп аял алуу – бул кылмыш, КР Кылмыш кодексинин 153-беренеси боюнча ал үчүн эки жылдан жогору мөөнөткө эркинен ажыратса болот Бул Конституцияга, светтик мамлекетке, жалпы жарандык коомго каршы чакырык таштоо!», - дейт Данияр Айтман.

Чубак ажы бүгүн тараткан видеодо ал: "Мен үйлөндүм дагы. Бирок ажырашкан жокмун, байбичем менен. Ал бир аз капа болуп жатат. Капа болууга, кызганууга укугу бар. Мен Түркияда бала багып жүргөн, күйөөсү өтүп кетип, жесир калган 30дан өткөн келинге үйлөндүм" деп жарыялады.

Учурда бул тасма Интернетте кызуу талкууланып жатат.

“Кылым шамы” адам укугун коргоо борбору Чубак Жалиловдун соңку видеобилдирүүсүнө байланыштуу Бишкек шаардык прокуратурасына расмий арыз менен кайрылганы жатат.

Чубак Жалилов Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгын 2010-2013-жылдары жетектеп турган.

Укук коргоочулар менен жарандык активисттин айткандарына Чубак ажы өзү азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG