Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Жогорку Сот президентке баш ийбеген орган экени эскертилди


Жолугушуу 27-ноябрда Ак үйдө өткөн.
Жолугушуу 27-ноябрда Ак үйдө өткөн.

Сот реформасын көзөмөлдөө боюнча коомдук кеңеш Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева мыйзам боюнча президентке баш ийбеши керек экенин эскерткен билдирүү таратты. Кеңештин мүчөсү Рита Карасартова бүгүн “Азаттык” радиосуна бул тууралуу:

- Конституциянын 3-беренесинде “үч бийлик бутагы бөлүштүрүү принциби менен иштейт” деген жазуу бар. Бир бийлик бутагы экинчисинен көз каранды эмес. Президент баарын чогултуп алып “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып иштейли” дегени туура эмес. Сот бийлиги өзүнчө макамга ээ. Ал президенттен баштап башка бийлик бутактарын соттогонго да укугу бар, - деп билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков 27-ноябрда премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушкан.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы бул тууралуу билдирүү таратып, "президент бийликтин баардык бутактары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү, тынчтыкты бекемдөө үчүн жооп берээрин жана мамлекет менен элдин кызыкчылыгында бирдиктүү, эриш-аркак иштеши керек экенин белгиледи. Ал «жетиштүү иш тажрыйбамдан улам, бардык бийлик бутактарына конструктивдүү иш-аракет жүргүзүүгө жардам берүүгө даярмын» деп белгиледи" деген маалымат тараткан.

​Сооронбай Жээнбеков 24-ноябрда ант берип, президенттик кызматка киришти.

Жогорку Сот укук коргоочулардын билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек .(RK)

XS
SM
MD
LG