Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Багдаддын жанындагы кол салуу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды


Сирия менен чек арага жакын чөлдү ИМ тобунун согушкерлеринен тазалоого жөнөтүлгөн Ирактын аскердик техникасы менен күчтөрүнүн бир бөлүгү. 23-ноябрь, 2017-жыл.
Сирия менен чек арага жакын чөлдү ИМ тобунун согушкерлеринен тазалоого жөнөтүлгөн Ирактын аскердик техникасы менен күчтөрүнүн бир бөлүгү. 23-ноябрь, 2017-жыл.

Ирак борборунан 35 чакырым аралыктагы Нахраван районундагы жардыруу менен ок атуудан кеминде 11 адамдын өмүрү кыйылып, 20дан ашууну жарадар болгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, кийин кол салгандардын бири өзүн өзү жардырып, экинчисин коопсуздук күчтөрү атып өлтүргөн.

Бирок ошол эле учурда полициянын офицерлеринин бири Нахравандын базар жайгашкан бөлүгүндөгү кол салууга беш киши катышканын, алардын экөө өзүн өзү жардырып, үчөөсүн коопсуздук күчтөрү өлтүргөнүн билдирди.

Чабуул үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкер болуп, анын "Amaq" жаңылыктар агенттиги Иран колдогон шиит кошуундарынын өкүлдөрү бутага алынганын кабарлады.

Өткөн аптада Ирак өкмөтү “Ислам мамлекети” тобу өлкөдөгү өзүнүн эң акыркы таянычы болгон Рава шаарчасынан сүрүлгөнүн, коопсуздук күчтөрү эми бул топтун Сирия менен чек арага жакын чөлдүү аймактарга тарап кеткен согушкерлерин таап, жок кылуу операциясына киришкенин маалымдаган.

Ирак өкмөтү ошондой эле “Ислам мамлекети” тобун жеңип чыкканы тууралуу чөлдүү аймактар анын согушкерлеринен тазалангандан кийин гана жарыялаарын билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG