Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Жээнбеков валюта базарындагы абалды тыкыр көзөмөлдөөнү талап кылды


Сооронбай Жээнбеков жана Кубанычбек Кулматов.
Сооронбай Жээнбеков жана Кубанычбек Кулматов.

Валюта базарындагы абал көзөмөлдөн чыкпашы керек. Мындай талап бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Кулматов менен жолугушуусунда коюлду.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчы ички валюта базарындагы абалды тыкыр көзөмөлдөп, улуттук акчанын алмаштыруу курсундагы олку-солкулуктун алдын алуу, инфляцияны кармап туруу максатында тийиштүү чара көрүүнү талап кылды.

Жалпысынан ушул айдын башынан бери Улуттук банк 38,15 миллион долларды сатыкка чыгарды.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда доллардын курсу көтөрүлгөнү байкалууда. Улуттук банктын курсу боюнча бүгүн 1 АКШ доллары 69 сом 70 тыйын турат.

2015-жылы ноябрда доллар Кыргызстанда эң кымбат чекке жетип, 75 сомго барган. Кийин арзандап отуруп быйыл апрелде 67 сомго чейин түшкөн, июндун аягынан бери кайра кымбаттай баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG