Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Ливан премьери кызматта калышынын шартын айтты


Саад ал-Харири.
Саад ал-Харири.

Премьер-министр Саад ал-Хариринин соңку билдирүүсүнө караганда, ал эгер башкаруучу коалицияга кирген “Хезболла” кыймылыЛивандын нейтралдуулук саясатын кабыл алып, аймактык жаңжаалдарга аралашпаса гана кызматта калат.

Ирандын өнөктөшү болуп эсептелген “Хезболла” кыймылы Сириянын алты жылдан ашкан жарандык согушунда президент Башар Асад тарапта күрөшүп келди.

Ал ошондой эле Ирак өкмөтүнө “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө жардам бериш үчүн өз согушкерлерин жөнөткөн.

Перс булуңундагы араб монархиялары болсо “Хезболланы” Йемендеги шийиттер-хусит козголоңчуларын, ошондой эле Бахрейндеги шийит согушкерлерин колдогону үчүн айыптап келишет.

“Хезболла” болсо мындай дооматтарды четке кагат.

Харири буга чейин премьер-министрликтен кеткенин 4-ноябрда Сауд Аравияда жүргөн жеринен жарыялаган эле.

Бирок Ливандын саясий лидерлери анын кызматтан кетүү боюнча чечимине макул болбой, кийин ал мекенине кайтып, сүйлөшүүлөргө макул болгон.

Саад ал-Харири Франциянын "CNews" телеканалы менен Бейрутта болгон маегинде “Мен биздин өкмөттөгү саясий партия бир араб өлкөсүнүн ишине экинчисине каршы кийлигишүүсүн каалабайм. Ливан Сирияда, Иракта, башка жерлерде жүргөн “Хезболланын" маселесин Ирандан улам чече албайт. Ирандын кийлигишүүсү биздин баарыбызга таасирин тийгизүүдө”, - деп белгиледи.

АКШ террордук уюм катары санкция киргизген “Хезболла” Ливанда маанилүү саясий да, аскердик да күч катары саналат.

Ал Саад Харири 2016-жылы түзгөн Улуттук биримдик өкмөтүнө кошулган. (UE)

XS
SM
MD
LG