Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Жалиловдун билдирүүсү боюнча укук коргоочу прокуратурага кайрылды


Чубак ажы Жалилов.
Чубак ажы Жалилов.

“Кылым шамы” адам укуктарын коргоо борбору мурдагы муфтий, аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалиловдун экинчи аял тууралуу видео билдирүүсүнө байланыштуу Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылуу-арызын тапшырды. Арызда видео кайрылууда айтылган фактыларды иликтөө, ал далилденсе прокурордук чара көрүү, укуктук баа берип, мыйзамдуу чечим кабыл алуу тууралуу өтүнүч камтылган. Бул тууралуу борбордун жетекчиси Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосуна билдирди.

Чубак ажы тартылган видеодо ал: "Мен үйлөндүм дагы. Бирок ажырашкан жокмун, байбичем менен. Ал бир аз капа болуп жатат. Капа болууга, кызганууга укугу бар. Мен Түркияда бала багып жүргөн, күйөөсү өтүп кетип, жесир калган 30дан өткөн келинге үйлөндүм" деп жарыялаган. Учурда бул тасма Интернетте кызуу талкууланып жатат.

Чубак Жалилов азырынча комментарий бере элек.

Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алгандар, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашагандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG