Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Бишкекте жумушчу жаңы курулуп жаткан имараттан кулап каза болду


19-июлда Бишкекте жаңы курулуп жаткан үйдүн 9-кабатынан эки жумушчу кулап түшкөн.
19-июлда Бишкекте жаңы курулуп жаткан үйдүн 9-кабатынан эки жумушчу кулап түшкөн.

Бул кабарды Бишкек шаардык милициясынын басма сөз катчысы Адыл Оморов “Азаттыкка” ырастады. Маалыматка караганда, 28-ноябрда Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан жумушчу кулап жан берди. Анын Кытай жараны экени жана кырсык кокустан болгону айтылууда. Милиция бул окуя боюнча тергөө-иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул курулуш тармагындагы өндүрүш учурунда катталган алгачкы кырсык эмес. 23-октябрда Бишкекте Аалы Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүнүн боюнда “Авангард стиль” компаниясы куруп жаткан имараттын экинчи кабатынын монолит кулап түшкөн. Кырсыктан 13 киши жабыркап, экөө ооруканага жаткырылган.

19-июлда Бишкекте жаңы курулуп жаткан үйдүн 9-кабатынан эки жумушчу кулап түшкөн. Анын бирөө окуя болгон жерде жан берип, экинчиси ооруканага жаткырылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG