Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Европа соту Орусияны кенемте төлөөгө милдеттендирди


Николай Кавказски Москвадагы сотто. 30-июль, 2013-жыл.
Николай Кавказски Москвадагы сотто. 30-июль, 2013-жыл.

Адам укуктары боюнча Европа соту 28-ноябрда Орусиянын бийлиги 2012-жылдын 6-майында Москванын Болотная аянтынан кармап, камакка алып, кийин соттогон учурда Николай Кавказски аттуу жарандын укугун бузган деп бүтүм чыгарды.

Европа сотунун чечимине ылайык эми Орусия өкмөтү Кавказскийге 10 миң евро кенемте төлөп бериши керек. Кавказский өзү болсо орус бийлигинен 70 миң евро кенемте талап кылган.

Кавказский Орусия анын ишинде Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын кыйноого тыюу салган жана акылга сыйгыдай убакыт ичинде адилет сотту камсыз кылууну талап кылган эки жобосун бузганын билдирген. Сот Кавказкийдин бул боюнча дооматтарын колдоду.

Кавказский 2012-жылдын июнь айында камакка алынып, кийин түрмөдө ден-соолугу кескин начарлагандан кийин гана үй камагына чыгарылган.

Быйыл 6-майда Москванын Болотная аянтындагы кагылыштан кийин 400дөн ашуун киши камалган. Кагылыштын тутанышы үчүн полиция менен демонстранттар бири-бирин айыптаган болчу.

Бул кагылышууга байланыштуу 30дан ашуун киши куугунтукка алынып, алардын 20дан ашууну түрмөгө кесилген же тергөө абагында олтуруп чыккан.

Орусиянын оппозициячыл күчтөрүнүн ири нааразылык акциялары парламенттик шайлоонун артынан башталып, президент Путин үчүнчү мөөнөтүнө киришкенге чейин уланган. (UE)

XS
SM
MD
LG