Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:31

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусияга иш сапары менен кетти


Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан учур. 28-февраль, 2017-жыл.

Бүгүн, 29-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Орусияга иш сапары менен жөнөп кетти. Ал Москвага орус тараптын чакыруусу менен бара турганын президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева 28-ноябрда билдирген. Маалыматка караганда, Жээнбеков орус президенти Владимир Путин, премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушуп, анда эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланат.

30-ноябрда кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Беларуска барып, Минскте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун юбилейлик сессиясына катышат.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

Бул Сооронбай Жээнбековдун өлкө жетекчиси катары алгачкы сапары. Ал буга чейин Кыргызстандын тышкы саясаттагы негизги өнөктөшү Орусия экенин айтып, ага артыкчылык берерин билдирген. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG